1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Баштапкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча окуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан Лак-1-24, Лак-2-24 тайпаларына, баштапкы кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган, окуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин практика учурунда алган билимдерин жана көндүмдөрүн талдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик өнүгүүгө багыт берүү болду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштерин презентация кылышып, жетишкендиктери жана кыйынчылыктары тууралуу баяндашты. Ошондой эле жетекчилер тарабынан практиканын жыйынтыгы боюнча баа берилип, сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда окуу практикасынын маанилүүлүгү белгиленип, мындан аркы ишмердүүлүк үчүн багыттар аныкталды.