1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Cтуденттик олимпиада – 2026

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулган адистик багыттагы англис тили боюнча студенттердин университеттик деңгээлдеги олимпиадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бул иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн текшерүүгө багытталды. Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулар англис тили боюнча ар түрдүү тапшырмаларды аткарышып, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсү, илимий тилди колдонуу жөндөмү жана эркин баарлашуу деңгээли бааланды.

Иш-чаранын негизги максаты – заманбап филологиянын актуалдуу маселелерин талдоо, студенттердин илимий лексиканы өздөштүрүү деңгээлин баалоо, ошондой эле алардын кесиптик коммуникациядагы компетенттүүлүгүн жогорулатуу болду.

Олимпиада студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечектеги адистик багытында өнүгүүсүнө чоң түрткү берди.

Жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту: 1-орун – Абласанова Сезим (ЛАк-2-25 тайпасы) 2-орун – Кудаярова Айкен (ЛАк-1-24 тайпасы) 3-орун – Закиржанова Фотима (ЛАк-1-24 тайпасы)

Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды куттуктайбыз! Аларга окууда жана илимий ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалайбыз.