1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Профориентациялык иш-чара Сузак районунун мектептеринде өттү

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары Сузак районунун бир катар орто мектептеринде профориентациялык иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага кафедранын окутуучулары К.И. Осмонова, З.А. Исраилов жана Султанали кызы Нурзада катышып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайлар, анын ичинде филология багытындагы билим берүү программалары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Жолугушуу алкагында алар окуучуларга институттагы кабыл алуу шарттары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, студенттик жашоо жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүндүрүп беришти. Ошондой эле чет тилдерди үйрөнүүнүн артыкчылыктары жана эл аралык программаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да баяндама жасалды.

Иш-чара Сузак районунун төмөнкү мектептеринде өткөрүлдү:

Чангыр-Таш жалпы билим берүү орто мектеби

№18 “Азимжан Караев” орто мектеби

№19 “Абдукаимов Адилбек” орто мектеби

Жолугушуу учурунда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, окутуучулар тарабынан толук жана пайдалуу жоопторду алышты.

Мындай профориентациялык иш-чаралар жаштарга келечек кесибин аң-сезимдүү тандоого жардам берип, жогорку билимге болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт.