1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

11

Лак-1-2, ЛАк-2-24 тайпалынарына практика мезгилинде жумуш ордунда окутуу жүргүзүлдү

Филология институтунун ЛАк-1-24 жана ЛАк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн окуу практикасынын алкагында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын улуу окутуучулары Осмонова Кенжебу жана Акбуюков Мурат тарабынан өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө студенттерге алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары түшүндүрүлүп, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар берилди.

Иш-чаранын алкагында студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу жөндөмүн калыптандырууга, котормочулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик чөйрөдө коммуникативдик компетенцияларын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жумуш ордунда окутуу учурунда студенттер активдүү катышып, практикалык тапшырмаларды аткарышып, окутуучулардан баалуу сунуштар менен кеңештерди алышты. Өткөрүлгөн иш-чара теория менен практиканын байланышын чыңдоого жана студенттердин тандаган кесибине болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.