1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

17

"Айыл чарбасындагы терминдерди которуунун кыйынчылыктары" темасында жумуш ордунда окутуу

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы, улуу окутуучу Осмонова Кенжебү Лак-1-24 тайпасынын студенттерине баштапкы кесиптик көндүмдөрдү кабыл алуу үчүн окуу практикасында "Жалал-Абад регионалдык айылдык консультациялык кызматы" мекемесине барып "Айыл чарбасындагы терминдерди которуунун кыйынчылыктары" аттуу темада тегерек стол өтүп келди.

Иш-чаранын алкагында "Айыл чарбасындагы терминдерди которуунун кыйынчылыктары" аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер айыл чарба тармагында колдонулган терминдердин өзгөчөлүктөрүн, алардын которулушунда кездешкен лексикалык, семантикалык жана маданий кыйынчылыктарды талкуулашты.

Ошондой эле, адистер тарабынан практикалык мисалдар келтирилип, терминдерди туура жана так которуунун жолдору боюнча баалуу кеңештер берилди. Студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгү үчүн маанилүү тажрыйба топтошту.

Бул иш-чара студенттердин баштапкы кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууда, ошондой эле котормо ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууда чоң роль ойноду.