1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Окуу-котормо практикасына жөнөтүү конференциясы

2026-жылдын 28-мартында филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан ЛАк-1-23 тайпасынын студенттерин окуу-котормо практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияны кафедра башчысы К. И. Осмонова ачып, студенттерге алдыдагы практика боюнча кеңири маалымат берип, анын мааниси жана максаттары тууралуу баса белгиледи.

Иш-чарага филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова катышып, студенттерге ийгиликтерди каалап, кесиптик көндүмдөрдү тереңдетүүгө чакырды.

Ошондой эле карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Н. С. Жолдошалиева практика өтүүнүн тартиби, талаптары жана уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрмө берип, студенттер менен суроо-жооп форматында пикир алышты.

Конференциянын соңунда студенттерге сунуштар берилип, аларга ийгиликтүү практика өтүп келүү каалоо-тилектери айтылды.