1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

30

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында конок лекция

Ушул жылдын 27- март күнү коңшу республика- Өзбекстан  республикасынын Анжиян шаарынын « Экономика жана педагогика НОТМ университетинин профессордук- окутуучулар делегациясы 2 университеттин келишиминин негизинде маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасына конок болуп келишти.

Иш-чаранын алкагында ар кыл багыттагы белгилүү окумуштуулар жана окутуучулар студенттерге актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасашты.

Атап айтканда, филология илимдеринин кандидаты, профессор Б.Б. Яркинова “Тил илимдеринин негиздери” темасында конок лекция окуду. Ошондой эле филология илимдеринин доктору (PhD) Н.И. Салохиддинова “Заманбап дүйнөдө маданияттар аралык баарлашуу” темасында мазмундуу лекциясын сунуштады.

Психология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Д. Касымова “Психолингвистика жана жасалма интеллект” темасында чыгып сүйлөп, студенттерге заманбап илимий багыттар тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, улук окутуучу К.Х. Бакиров “Тил – байланыштын куралы катары”, Г.Т. Абдулхакимова “Психолингвистикада тилдик белгилердин проблемалары” темаларында лекцияларды өткөрүштү.

Ошондой эле аспирант М.Х. Абдурахманова “Маданияттар аралык баарлашуу жана ишкердик”, ал эми улук окутуучу Г.А. Тухтасинова “Инсанды калыптандырууда тилдин ролу” темаларында өз баяндамаларын жасашты.

Конок лекциялар студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.