1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

ЛАк-2-24 тайпасынын студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-2-24 тайпасынын студенттери окуу практикасынын алкагында жумуш ордунда окутуудан өтүштү. Практикалык сабак “Аннур” окуу борбору базасында уюштурулуп, студенттерге кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталды. Окутуунун жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, котормо ишмердүүлүгү, тил үйрөтүү методикасы жана кардарлар менен иштөө сыяктуу маанилүү багыттар боюнча тажрыйба алышты. Ошондой эле, билим берүү процессиндеги заманбап ыкмалар жана интерактивдүү методдор менен таанышып, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдөрүн өнүктүрүштү. Практика учурунда студенттер активдүү катышып, берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарышты. Жумуш ордунда окутуу алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө маанилүү салым кошору белгиленди. Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, ошондой эле эмгек рыногунун талаптарына ылайык адис болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы К.И. Осмонова З.А,Женалиева жана З.А. Исраиловдор барып катышып кеп кеңештерин айтышты.