1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

30

«Геймификация» методу боюнча мастер-класс өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтундагы Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан профессордук-окутуучулук курам үчүн «Геймификация» методу боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – билим берүү процессинде заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу, окутуучулардын кесиптик тажрыйбасын өркүндөтүү жана студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттырууда геймификациянын ролу менен тааныштыруу болду.

Мастер-классты кафедранын окутуучусу Замирбек Акжолович Исраилов өткөрүп, ал билим берүүдө геймификация технологияларын колдонуу боюнча өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө оюн элементтерин окуу процессине киргизүү, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу, командалык иштөөнү өнүктүрүү жана сабакты интерактивдүү уюштуруу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле геймификациянын негизги принциптери, анын билим берүүдөгү артыкчылыктары жана окутуу процессине эффективдүү киргизүүнүн жолдору талкууланды. Катышуучулар мастер-класстын жүрүшүндө өз ойлорун билдирип, суроолорду берип, практикалык сунуштар менен таанышышты.

Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, билим берүү процессин жаңылоого жана заманбап педагогикалык технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.