1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Нооруз майрамына арналган иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 23-мартында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуттук каада-салттарды даңазалап, ыр-бийлерди аткарып, кызыктуу оюн-зоокторду уюштурушту. Майрамдык программа жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.

Бул иш-чараны ЛАк-1-25 тайпасынын студенттери жана куратору Мамткулов Н.О уюштуруп, активдүү катышышты. Нооруз майрамынын негизги мааниси болгон ынтымак, биримдик жана жаңылануу идеялары кеңири чагылдырылды.

Иш-чарага филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Ч.А. Асылбеков, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Ы.А. Исабаева, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы К.И. Осмонова, ошондой эле окутуучулар катышты.