1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

“Жашоону жаңырткан жаз деми” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү

2026-жылдын 13-март күнү “Жашоону жаңырткан жаз деми” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чара ЛАк-1-23 тайпасы тарабынан уюштурулуп, жетекчиси К. И. Осмонова болду.  Бул иш чарага Филология институнун тарбиялык иштер боюнча дироктордун орун басары Ы.А. Исабаева катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – жаз мезгилинин жаңылануу символу катары адам жашоосундагы ордун түшүндүрүү, студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана достук, ынтымак мамилелерин бекемдөө болду.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер жаз темасына арналган ырларды аткарып, көркөм чыгармаларды окуп беришти. Ошондой эле катышуучулар үчүн кызыктуу интерактивдүү оюндар уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, жакшы маанай тартуулашты.

Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, алардын өз ара баарлашуусун жакшыртууга жана билим берүү процессинде тарбиялык маанини күчөтүүгө чоң салым кошот.