1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Маданияттар аралык коммуникация боюнча ачык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 10-мартында маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында «Маданияттар аралык коммуникация жана маданияттар аралык чыр-чатак» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабакты филология илимдеринин доктору, профессор Мирзахидова М.И. алып барды.

Аталган сабакка Лак-1-23 тайпасынын студенттери катышып, маданияттар аралык коммуникациянын өзгөчөлүктөрү, маданий айырмачылыктар, коммуникация стилдеринин ар түрдүүлүгү жана алардын адамдардын ортосундагы түшүнүшүүгө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышты.

Сабактын жүрүшүндө маданияттар аралык чыр-чатак түшүнүгү, анын келип чыгуу себептери, стереотиптердин жана алдын ала калыптанган пикирлердин ролу талкууланды. Ошондой эле маданияттар аралык конфликттерди алдын алуу жана аларды натыйжалуу чечүү жолдору боюнча мисалдар келтирилип, студенттер менен биргеликте талкуу жүргүзүлдү.

Ачык сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти. Мындай сабактар студенттердин маданияттар аралык коммуникация жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.