1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу боюнча окуу практикасына жөнөтүү конференциясы

2026-жылдын 5-март күнү Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында студенттерди баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу боюнча окуу практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЛАК-1-24 жана ЛАК-2-24 тайпаларынын студенттери катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге окуу практикасынын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле практика учурунда аткарыла турган иштер, студенттердин жоопкерчилиги жана практиканын талаптары боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Конференциянын негизги максаты – студенттерди окуу практикасына даярдоо жана аларга керектүү маалыматтарды берүү болуп саналат. Окутуучулар студенттерге практиканын маанилүүлүгүн белгилеп, практика учурунда алган билимдерин тереңдетип, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чакырышты.