1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата ата-энелер менен жолугушуу

Иш-чаранын алкагында студенттердин ата-энелери чакырылып, алар менен атайын ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын негизги максаты – ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, студенттердин окуу процесси жана тарбиялык иштери тууралуу маалымат берүү болду. Жыйындын жүрүшүндө студенттердин окуудагы жетишкендиктери, сабакка катышуусу, тартип маселелери жана алдыдагы окуу пландары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле ата-энелерге жогорку окуу жайындагы билим берүү системасы, студенттердин окуудагы жоопкерчилиги жана алардын келечектеги кесиптик даярдыгы тууралуу түшүндүрмөлөр айтылды. Ата-энелер өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип, окутуучулар менен пикир алмашуу жүргүзүштү. Бул жолугушуу студенттердин билим алуусуна ата-энелердин активдүү катышуусун күчөтүүгө жана университет менен ата-энелердин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталды.