1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ЛАК-1-25, ЛАК-2-25 жана ЛКК-1-25 тайпаларынын студенттери активдүү катышышты.

Майрамдык кечени кафедранын окутуучулары жана студенттер уюштурушуп, аялзатына арналган ыр-бийлер, көркөм окуулар жана кызыктуу сахналык көрүнүштөр тартууланды. Студенттер апаларга, эже-карындаштарга жана жалпы аялзатына арналган жүрөк жылыткан куттуктоо сөздөрүн айтып, алардын коомдогу орду жана ролу тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын башчысы студенттерди жана окутуучу айымдарды майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакыт каалады. Ошондой эле аялдардын коомдогу орду, үй-бүлөдөгү жана коомдук турмуштагы маанилүү ролу белгиленип өттү.

Майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, студенттерге жагымдуу таасир калтырды. Кеченин соңунда бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектер айтылды.