1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Лак-2-25 тайпасы тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата мазмундуу жана тарбиялык мааниге ээ иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Тайпанын куратору Женалиева Замира жетектөөсүндө даярдалган бул кече болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз, орус, англис, япон, кытай, испан, франсуз,араб жана турк тилдеринде ырларды көркөм окуп, макал-лакаптарды айтып беришти, ошондой эле тилдердин тарыхы жана өзгөчөлүктөрү боюнча презентациялар жасалды. Тилдин элдерди бириктирген күчү, маданияттар аралык байланыштагы ролу тууралуу мазмундуу ойлор айтылды.

Кечеде маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова К. И. сөз сүйлөп, тил – бул улуттун жаны жана маданияттын негизи экендигин баса белгиледи. Ал студенттерди эне тилди урматтоого жана чет тилдерди терең үйрөнүүгө чакырды.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирилип, жакшы каалоо-тилектер айтылды. Бул кече студенттердин чыгармачылык жөндөмүн арттырып, тилдерге болгон урмат-сыйды бекемдеген маанилүү иш-чара болду.