1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

Лaк-1-23 тайпасынын студенттеринин окуу котормо практикасынын жыйынтыктоо конференциясы

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-23 тайпасынын окуу котормо практикасынын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.  Конференциянын негизги максаты студенттердин практика учурунда алган тажрыйбасын жыйынтыктоо, аткарылган иштерди талдоо жана алдыдагы окуу-кесиптик багыттарды аныктоо болду.

 Конференцияны кафедранын башчысы К. И. Осмонова ачып, кафедра окутуучулары, практика жетекчилери жана студенттер катышты. Студенттер өздөрүнүн практикадан алган билимдери, жетишкендиктери, аткарган жумуштары жана практика учурунда колдонгон жаны ыкмалары жөнүндө презентациялар менен чыгышты.

Конференциянын жүрүшүндө практиканын максаттары, алынган тажрыйба, жетишкендиктер жана окуу котормо иштериндеги практикалык көндүмдөр талкууланды. Ар бир студент өзүнүн котормо ишинин жыйынтыктары менен тааныштырып, практиканын ичинде келген кыйынчылыктар жана алардын чечүү жолдору тууралуу ой бөлүштү.