1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Чыңгыз Айтматовго арналган тарбиялык ачык саат

Бүгүн маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАК-1-25 тайпасы, дүйнөлүк даражадагы кыргыз калемгери Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган тарбиялык ачык саат өткөрдү. Иш-чаранын максаты – студенттерге Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы жана анын чыгармаларындагы тарбиялык идеяларды терең таанытуу болду.

Ачык сааттын алкагында видеоматериалдар, цитаталар, презентациялар көрсөтүлүп, студенттердин интеллектуалдык жана руханий дүйнөсүн баалоого багытталган суроо-жооп уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кеңири маалымат алып, анын негизги чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, каармандар дүйнөсү жана адамгерчилик, боорукердик, мекенчилдик сыяктуу баалуулуктар талданды. Топтор менен иш жүргүзүлүп, студенттер өз ойлорун айтып, Айтматовдун чыгармаларындагы тарбиялык маанилерди талкуулашты.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттерге чоң таасир калтырды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жаштар үчүн руханий багыт, адамдык сапаттардын үлгүсү катары дагы бир жолу белгиленди.