1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

68

Чыңгыз Айтматовго арналган тарбиялык ачык саат өткөрүлдү

Бүгүн маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-2-25 тайпасы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган тарбиялык ачык саат өткөрүшдү. Иш-чаранын максаты — студенттерге жазуучунун өмүр жолу, адабий мурасы жана чыгармаларындагы тарбиялык идеяларды таанытуу болду.

Студенттер Айтматовдун негизги чыгармалары тууралуу маалымат алышып, үзүндүлөр окулуп, каармандардагы адамгерчилик жана мекенчилдик сыяктуу баалуулуктар талкууланды. Топтор менен иш жүргүзүлүп, суроо-жооп, видеоматериалдар жана презентациялар колдонулду. Тарбиялык ачык саатты ЛАК-2-25 тайпасынын куратору Женалиева Замира уюштурду.