Эне тилим менен даңктуумун
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучусу Р.А.Эргешова жетектеген ЛАк-1-23 тайпасында “Эне тилим менен даңктуумун” деген темада дебат болуп өттү. Аталган дебатка филология факультетинин деканы, фил.и.к., доцент Ч.А.Асылбекова, фил.и.к., доцент А.Оморов катышып, катышкан эки топтун студенттеринин активдүүлүгүн, билим деңгээлин, сөзмөрдүгүн, көз карашын жактай алгандыгын баалашып, теманын актуалдуулугун, кыргыз тилин колдоо менен бирге колдонуу да керектигин баса белгилешти. Дебаттын катышуучулары мыкты катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында өткөрүлө турган иш - чаралардын планына ылайык ЛАк-1-20 тайпасынын студенттери “Эне тил – улут уңгусу” деген темада дилбаян жазышты.