Тилим менен улуумун
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучусу К.И.Осмонова 13-февраль кунү ЛАк-1-21 тайпасына “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата “Тилим менен улуумун” деген темада куратордук ачык саат өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу боюнча маалыматты камтыган баяндама, тил жөнүндөгү ырларды жана катышуучулар арасында суроо-жооп түрүндөгү интерактивдүү оюн даярдашкан. Куратордук ачык саатка кафедранын окутуучулары жана студенттери активдүү катышты.