1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

ЛАК-1-25 тайпасы тарабынан "Эл аралык студенттер күнүнө" карата иш чара

18-ноябрь күнү “17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө” карата маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын улуу окутуучусу К.Осмонова ЛАк-1-25 тайпасы менен жагымдуу майрамдык иш-чара уюштурушту. Иш чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылыгын колдоо, тайпа ичиндеги ынтымакты бекемдөө жана жаштардын активдүүлүгүн арттыруу болду.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер ар кандай кызыктуу оюндарга, интелектуалдык таймаштарга жана чыгармачыл номерлерге катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле студенттерге институт директору Ч.Асылбекова жана кафедра башчысы К.Осмонова, кафедранын професссору М.Мирзахидова жана кафедра окутуучулары катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Иш чара студенттердин маанайын көтөрүп, аларга биримдиктин жана достуктун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды. Лак-1-25 тайпасы студенттик демилгелерди колдоону улантып, чыгармачыл жана бимридикдүү болууну максат кылааларын айгиленешти.