1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

32

ЛАК-1-22 тайпасынын студенттеринин профилдик практикасынын                                          отчетун кабыл алуу конференциясы

14-ноябрь күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-22 тайпасынын кесиптик профилдик практикасынын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.  Конференциянын негизги максаты студенттердин кесиптик жана профилдик практика учурунда алган тажрыйбасын жыйынтыктоо, аткарылган иштерди талдоо жана алдыдагы окуу-кесиптик багыттарды аныктоо болду.

 Иш чарага институт директору Ч. Асылбекова, кафедра башчысы К.Осмонова, кафедра окутуучулары , практика жетекчилери жана студенттер катышты. Студенттер өздөрүнүн практикадан алган билимдери, жетишкендиктери, аткарган жумуштары жана практика учурунда колдонгон жаны ыкмалары  жөнүндө презентациялар менен чыгышты.

Конференция жүрүшүндө жетекчилер студенттердин активдүүлүгүн, жаш адистердин жоопкерчилигин жана теориялык билимди практикалык ишке ийгиликтүү колдонуу жөндөмүн белгилешти. Конференция ЛАк-1-22 тайпасынын кесиптик даярдык деңгээлин көрсөтүп, алардын мындан аркы адистешүүсүнө маанилүү тажрыйба болду.