1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

89

“Илим сөздөн башталат” деген аталыштагы илимий баяндама

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан “Сөз түркүмдөрүнүн тарыхый классификациясы” аттуу теориялык-рефлексиялык лекция уюштурулду. Иш-чаранын максаты – сөз, тил жана түшүнүк категорияларынын илимий ой жүгүртүүдөгү ордун ачып көрсөтүү, студенттердин илимий түшүнүк жана тил маданиятын өнүктүрүү болду.

Лекциянын ачылышында кафедранын илимий иштер боюнча жетекчиси Акбуюков Мурат Муйдинович куттуктоо сөзүн сүйлөп, теманын актуалдуулугун белгиледи. Андан соң кафедра башчысы И.К. Осмонова жана илимий иштер боюнча жетекчиси, ф.и.к. Орозбаева Гулбарчын Абдимажитовна сөз сүйлөп, бул иш-чаранын студенттердин илимий изденүүсүн тереңдетүүдөгү маанисин баса белгилешти.

Негизги баяндаманы филология илимдеринин доктору, профессор Мирзахидова Миясар Инамжановна жасап, сөз түркүмдөрүнүн тарыхый классификациясынын лингвистикалык өнүгүүсүн, сөздүн жана тилдин илимий түшүнүктөрдү калыптандыруудагы ролун кеңири талдады. Ал сөз түркүмдөрүнүн байыркы грамматикалык системалардан тартып, заманбап тил илиминдеги классификациясына чейинки эволюциясын илимий-теориялык негизде баяндап берди.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер тил менен илимдин өз ара байланышы, илимий түшүнүктөрдүн түзүлүшү жана илимий тилдин тактык, логикалуу, системалуулук сыяктуу өзгөчөлүктөрү тууралуу терең түшүнүк алышты.

Бул иш-чара студенттердин улуттук тилде илимий ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жана илимий маданиятын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.