1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

269

ЖАМУнун порфессор-окутуучусу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 

Кыргыз-Өзбек Эл Аралык  университетинин ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыковдун чакыруу катынын негизинде (02/1-3/731. 4.11.2025 ) 2025-жылдын 6-ноябрында КӨЭАУнун Гуманитардык-педагогикалык факультетинин мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын иш планына ылайык Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, ф.и.д.  М.И.Мирзахидова Педагогика багытында окуган студенттерге башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун теориясы жана усулу дисциплинасы боюнча конок лекция өттү.

Конок лекцияда башталгыч класстарда кыргыз тилинин окутуунун усулу боюнча жаңы маалыматтар берилди.

​         Конок лекцияга катышкан студенттер жана факультеттин профессор-окутуучулары тарабынан берилген суроолорго профессор тарабынан тиешелүү жооптор алынды.

Экинчи бөлүктө мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын башчысы КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, п.и.к., доцент Т.Э. Исаков, ГПФнын деканы п.и.к., доцент Ж.Т.Айтышова; п.и.к, доценттер Г.М. Калматова, Г.У. Усарова, Д.Ы. Жусупова; улуу окутуучулар: К.К.Хажаева, А.Ы. Орозбаевалар менен мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн башкы максаты болгон таалим-тарбия берүүдө улуттук баалуулуктар менен нарк-насилге артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен байытылышын ишке ашыруудагы ар бир педагогдун ыйык максаты экендиги жөнүндө баарлашуу өткөрүлдү.

КӨЭАУнун Гуманитардык-педагогикалык факультетинин жамааты тарабынан  профессор М.И.Мирзахидованын конок лекциялары жогорку деңгээлде өтүлгөндүгү белгиленип, ыраазычылык билдирилди.