1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

Cтуденттерди окуу-котормо практикага жөнөтүү конференциясы

“Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси, филология институнун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак -1-23 тайпасына 6-ноябрь күнү окуу котормо практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.  Практиканын негизги максаты – студенттердин тил билимин, коммуникативдик жөндөмүн жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү менен, аларды келечектеги кесибине даярдоо.

Конференцияны маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы К.И. Осмонова ачып сүйлөп, сөздү филология институнун директору ф.и.к. доцент Ч.А. Асылбековага берди,  андан соң практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С. Жолдошалиева сүйлөп, жетекчилер өз сөзүндө студенттерге практика өтөөнүн максаттарын жана милдеттерин, жол карта жана күндөлүк жазуу боюнча да кеп кеңештерин айтышты. Студенттер практика боюнча баардык суроолорунун жообун ала алышты жана санитардык-гигиеналык жана техникалык коопсуздук менен таанышышты жана сактоо нормалары жөнүндө кенен маалымат алышты.