1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

83

ЛАК-2-24 тайпасынын студенти «Россияны тааны» долбооруна катышты

«Россияны тааны» долбоорунун алкагында филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАК-2-24 тайпасынын студенти Назирбаев Абдулла Москва шаарында болуп өткөн беш күндүк программага катышып келди.

Программага Кызыл Аянтка, "Москва-Сити" бизнес борборуна, Жеңиш музейине жана

М.В. Ломоносов атындагы ММУга экскурсиялар кирген. Ошондой эле катышуучулар “Евразия” эл аралык сыйлыгына, кулинардык мастер-класска, квизге жана социалдык долбоорлорго катышкан.

Өзгөчө таасир калтырган учурлар — АНО «Евразия» төрайымы жана Россия Федерациясынын депутаты Алена Аршинова, ошондой эле Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрова менен жолугушуулар болду. Алар жаштардын демилгелерин жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.                                                             Бул долбоордун алкагында студенттер Россиянын тарыхы, маданияты жана коомдук жашоосу тууралуу терең билим алып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өз салымдарын кошушту.

Бул тууралуу кафедрада иш-чара уюштурулуп, Назирбаев Абдулла кеңири маалымат берди жана жаштарды, студенттерди ушундай проект, иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.