1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

“Улуттун уңгусунда — улуттун улуулугу” темасында ачык тарбиялык саат өтүлдү

31-октябрда филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАК-2-25 тайпасы, куратору Женалиева Замира Аралбековнанын жетекчилиги менен “Улуттун уңгусунда — улуттун улуулугу” аттуу ачык тарбиялык саат өткөрдү. Иш-чаранын максаты: студенттерге улуттук баалуулуктарды, маданиятты жана салт-санааны урматтоону түшүндүрүү менен мекенге болгон сүйүүнү калыптандыруу болду.

Иш - чарада улуттун улуу болушу анын уңгусунда — тилде, маданиятта, салтта жана тарыхта экендиги баса белгиленди. Эгер эл өз тилин, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын сактап калса, анда анын түпкү таянган тамыры үзүлбөйт. Кыргыз элинин байыркы тарыхы, өзгөчө маданияты жана баатырдык руху мисал катары келтирилди.

Иш - чарада студенттер улуттук темадагы ырларды аткарып, ой-пикир жана чыгармаларды бөлүштү. Тарбиялык ачык саатка филология институтунун директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Ы. Исабаева, кафедра башчысы К. Осмонова, институттун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Ачык саат патриоттук маанайда өтүп, катышуучулар улуттук маданиятты сактоонун маанисин терең талкуулашты.