1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында ачык тарбиялык саат уюштурулду

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-2-24 тайпасы “Алымбек Датка жана анын өмүр жолу” аттуу ачык тарбиялык сабак өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Алымбек Датканын өмүр жолу жана мекен үчүн жасаган иштери тууралуу баяндама жасашты. Сабакта ырлар ырдалып, Алымбек жана Курманжан Даткалардын монологдору аткарылды.

Бул иш-чарага филология институтунун тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Ы. Исабаева, кафедра башчысы К. Осмонова, окутуучулар жана студенттер катышышты. Ачык саат улуттук баалуулуктарды жана тарыхый мурастарды урматтоого үндөгөн маанайда өттү.