1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

Лак-1-21 тайпасы “Halloween” майрамын белгилешти

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-21 тайпасы Америка элинин салттуу майрамы болгон “Halloween” майрамын өзгөчө шаң менен өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу жана позитивдүү маанайда өттү.

Майрамдын коногу болгон Fulbright программасынын англис тили боюнча окутуучусу Майло студенттерге бул майрамдын тарыхы, аны майрамдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу маалымат берди.

Иш-чарада студенттер ар кандай оюндарга катышып, кроссворд чечип, көңүлдүү ырларды аткарып, майрамдын шаңын арттырышты. Майрамга филология институтунун тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Ы. Исабаева, кафедра башчысы К. Осмонова, окутуучулар жана студенттер катышты.