1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

137

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында ачык саат сабагы өткөрүлдү

2025-жылдын 30-октябрында Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучусу Женалиева Замира Аралбековна ЛАК-1-24 тайпасына “Саясий лексика” предметинен ачык саат сабагын өткөрдү.

Ачык сааттын максаты – студенттердин саясий лексика боюнча билимдерин тереңдетүү, тил жана саясат темасындагы лексикалык айырмачылыктарды талдоо жана өз ойлорун англис тилинде эркин билдирүүгө үйрөтүү болду.

Иш-чарага кафедра башчысы Осмонова Кенжебү, филология институтунун окуу-усулдук иштер боюнча төрайымы Жороева Гүлбара, жана кафедранын окутуучулары катышышты. Алар сабактын жүрүшүн жогору баалап, студенттердин активдүүлүгүн жана окутуучунун сабакты уюштуруудагы чыгармачыл ыкмасын белгилешти.

Ачык саат жогорку деңгээлде өтүп, студенттер өз ойлорун англис тилинде так жана ишенимдүү айтууга мүмкүнчүлүк алышты.