1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

124

ЛАК-1-22 тайпасынын студенттери менен насаатчылык жолугушуу

22-октябрь күнү Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова Кенжебу ЛАК-1-22 тайпасынын студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чара студенттердин профилдик практикасынын алкагында уюштурулуп, алар учурда "Нур" котормо борборунда жана "Манас" Америка ордосунда практика өтүп жатышат.

Кафедра башчысы студенттерге практикалык иштин мааниси, жоопкерчилиги жана келечектеги адистик чеберчиликти өркүндөтүү жолдору тууралуу насаат айтып, алардын иштери менен жеринен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өз тажрыйбалары жана алган билимин колдонуудагы жыйынтыктары тууралуу да ой бөлүшүштү.