1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

181

 Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын  ата-энелер чогулушу

2025-жылдын 16-октябрында биздин окуу жайда ата-энелер менен кезектеги жыйын өткөрүлдү. Чогулуштун негизги максаты – студенттердин  билим алуусундагы жетишкендиктерин жана тарбия жаатындагы маселелерди талкуулоо, ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү болду.

Иш-чарага аталган кафедранын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттердин ата-энелери катышты. Чогулушту маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы К.И. Осмонова ачып сүйлөп, төмөнкү маселелер каралды:

1.     Студенттердин окуудагы ийгиликтери жана тартип маселелери;

2.     Санарип доорундагы студенттердин коопсуздугу жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турум;

3.     Окуу жай менен ата-эне ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштын мааниси;

4.     Алдыдагы пландар жана жогорку окуу жайдын иш-чараларына катышуу жолдору.

Ата-энелер окутуучулар менен пикир алышып, студенттердин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти. Чогулуш жылуу маанайда өтүп, окуу жай менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиленди. Лак-1-24 тайпасынын куратору Исраилов Замир Акжолович мындай жолугушуулар, биздин келечек муундун балдары үчүн пайдалуу болорун айтып өттү.