1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

19

Жеңишке жетишкен студенттерди куттуктайбыз

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий

билим берүү өндүрүштүк комплекси жана “Кыргызстан” интелектуалдык клубу

менен биргеликте филология институтунун студенттери арасында өткөрүлгөн

интеллектуалдык оюн таймашы болуп өттү.

Бул иш-чаранын максаты студенттердин интеллектуалдык потенциалын

өнүктүрүү, логикалык жана креативдүү ой жүгүртүүсүн өрчүтүү, атааңдаштык

жөндөмүн жогорулатуу, ошондой эле филология багытындагы билим

алуучулардын өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Интеллектуалдык оюн студенттерди жигердүүлүккө, биримдикке жана илимий

изденүүгө шыктандырып, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Бул сынакта Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана

лингвистика кафедрасынын “Эверест” командасы жогорку билим, биримдик жана

акыл-ой күчүн көрсөтүп, I орунга ээ болду!

Алар төмөнкү тайпалардын студенттери:

Гүламкадырова Самира ЛКК-1-25

Шермаматова Асема ЛАК-1-24

Калыкбаев Айданбек ЛАК-1-25

Рустамов Абдурахман ЛАК-1-25

Кудаярова Айкен ЛАК-1-24

Оюн жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар активдүү жана демилгелүү ой

жүгүртүүсүн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө университеттин атынан дипломдор жана

ыраазычылык каттар тапшырылып, катышуучуларга ийгилик кааланды.

Бул иш-чара студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги

адистердин интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошту.