Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары тарабынан мектептерде кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине караштуу маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы бир катар мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чаралар 2025-жылдын май айында уюштурулуп, бүтүрүүчү класстын окуучуларына университет жана кафедра тууралуу кеңири маалымат берилди. “Маданияттар аралык байланыш" багыты бүтүрүүчүлөргө чет тилдерин терең өздөштүрүүгө, котормочулук, дипломатия, эл аралык уюмдарда иштөө, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы баса белгиленди. Окутуучулар билим берүү программалары, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү, практикадан өтүү жолдору жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташтык тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Жолугушуулар бүтүрүүчүлөргө туура кесиптик багыт берүү, жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөдү.