Кезектеги практика мезгилинде базада өткөрүлүүчү иш-чара өтүлдү

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-23 тайпасынын студенттери: Адеитова Айназик, Акылбек кызы Айтурган, Баратова Сапаргүл, Сатарова Айгерим, Эмилбекова Калыскен 2025-жылдын 30-апрелинде “Нур” котормо борборунда “Котормо борборунда лингвист практикант” аталышындагы темада практикалык иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда туш болгон кыйынчылыктар, аларды кантип жеңип өткөндүгү жана натыйжада кандай жыйынтыктарга жетишкени тууралуу кеңири айтып беришти. Өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, лингвисттик практиканын практикалык маанисин жана пайдалуулугун көрсөтө алышты. Эң негизгиси, алар документтерди которуу процессиндеги этаптар, ага карата талаптар жана маани берүүчү негизги пункттар тууралуу маалымат берип, аталган тармактагы билимдерин бекемдешкенин белгилеп өтүштү.