1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

208

Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-24 тайпасы куратору Таалайбек кызы Н. менен биргеликте 30-апрель күнү 5-май Конституция күнү жана 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгына арналган чакан иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага кафедранын студенттери жана окутуучулар жамааты катышышты. Иш-чара “Ата Мекеним” ыры менен башталып студенттер доклад окушуп, кызыктуу суроо-жооп менен коштолуп белектер берилди. Жеңиш күнүнө арналган ырларды ырдашты, аскердик вальс бийлешти жана жеңиш күнүнө арналган видеоролик тартуулашып “Жоокер ыры” менен аякташты. Кафедранын мугалимдери сөз сүйлөп жакшы каалоо-тилектерин айтып, келе жаткан майрамдары менен куттукташып, студенттерге окууларына ийгиликтерди каалашты.