1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

63

9-май - Улуу Жеңиш күнү

          2025- жылдын 30-апрель күнү филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-21 тайпасынын куратору К.И. Осмонова "9-май Улуу Жеңиш күнү" аталыштагы куратордук тарбиялык ачык саат өттү. Аталган иш-чарага филология факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары К.И. Осмонова куттуктоо сөзү менен "Улуу Ата-Мекендик согушта көптөгөн ата-бабаларыбыз өз өмүрлөрү менен кош айтышып, кийинки муунга жаркын жашоого Жеңиш алып келген. Бул күн тарыхта калган күн, биз аны эч качан унутпайбыз" деп коштоду. Бул тарбиялык иш-чаранын жүрүшүндө Лак-1-21 тайпасынын студенттери Улуу Ата Мекендик согушка арналган докладдарды окушуп, презентация даярдап, патриоттук ырлар ырдалып, суроо-жооп менен коштолду.