1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

111

Лак-1-21 тайпасынын студенттерине жумуш ордунда уюштурулган сабак

28-апрель күнү филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучусу Осмонова Кенжебу Лак-1-21 тайпасынын студенттерине жумуш ордунда уюштурулган практикалык сабак өттү. Ал практикалык сабак Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматы мекемесинде болуп өттү. Бул сабакты өтүүдө жана уюштурууда мекеменин жетекчиси Жойболотов Сыргабек жана мекеменин менеджери Мамасалиева Насипа өз салымдарын кошушту. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин кесиптик тажрыйбасын бекемдөө жана Билим берүү процесси жана иш берүүчү мекеме менен түздөн түз байланышуу жана таанышуу болду.