Лак-1-22 тайпасынын студенттерин окуу-котормо практикага жөнөтүү конференциясы

2025- жылдын 18- апрель күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында практика жетекчиси К. Осмонова Лак-1-22 тайпасынын студенттерин окуу-котормо практикага жөнөтүү конференциясын уюштурду. Конференцияга кафедра башчысынын милдетин аткаруучу М. М. Акбуюков, кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты жана Лак-1-22 тайпасынын студенттери катышты. Конференция учурунда студенттер практикага бөлүнгөн мекеме ишканалар жана жетекчилери менен тааныштырылды. Студенттердин колуна жолдомо, күндөлүк берилип, жол карта менен иштөө сунушталды. Конференция студенттер менен суроо-жооп коштолуп, кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты өз кеп-кенештерди беришти.