Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын студенттери XII аймактык университеттик олимпиадада

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын университеттик олимпиададан алдыңкы орундарды алган студенттер ЛАк-1-22 тайпасынан Азимова Үмүт жана ЛАк-1-23 тайпасынан Темирова Сайкал Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинде өткөрүлгөн XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадага катышышты. Жыйынтыгында Азимова Үмүт ийгилик жаратып “Котормо жана котормо таануу” предметинен III даражадагы дипломго ээ болду. Студенттерге окууларына ийгиликтерди жана Азимова Үмүткө мындан да чоң жетишкендиктерди каалайбыз.