Лингвистика адистигинин Лак-1-23 тайпасынын студенттерин практикага жөнөтүү конференциясы

2025-жылдын 11-апрель күнү филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын практика жетекчиси К. И. Осмонова Лак-1-23 тайпасынын студенттерин баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн окуу практикасына жөнөтүү конференциясын уюштурду. Конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты жана Лак-1-23 тайпасынын студенттери катышты. Кафедра башчысынын милдетин аткаруучу М.М. Акбуюков студенттерге күндөлүк толтуруу эрежелери жана жол карта боюнча жана кафедранын практика жетекчи К. И. Осмонова студенттерге коопсуздук эрежеси, тартип, практика мезгилинде студенттер өздөрүн алып жүрүү эрежелери жана практика документтери менен тааныштырылды. Кафедранын окутуучулары студенттерге практика боюнча кеп-кенештерди беришти. Конференция суроо-жооп менен коштолуп, студенттерге практикага жөнөтүү жолдомолору берилди.