Кургак учукка каршы күрөш

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын студенттерине жана мугалимдерине Жалал-абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы дарыгери, врач-фтизиатр Мурсалиев Акрам Юлдашевич “Кургак учукка каршы күрөш” аталышындагы темада лекция окуду. Кургак учук деген эмне, кургак учук менен кимдер ооруп калышы мүмкүн, кургак учукту кантип жуктуруп алышат, кургак учуктун белгилери, өзүңүздө же сиздин жакындарыңызда ушул белгилер табылган учурда эмне кылуу керек, кургак учукту жокко чыгаруу үчүн кандай текшерүүдөн өтүү зарыл, кургак учук менен ооруган адам кайсы жерде дарылана алат, кургак учуктан кантип айыгууга болот жана башка ушул сыяктуу суроолор боюнча маалымат берди. Кургак учук – кургак учуктун микобактериясы (Кох таякчасы) аркылуу пайда болгон, бардык органдарды жана ткандарды, бирок көп учурда өпкөнү жабырлантуучу жугуштуу оору. Медициналык кызматкерге өз учурунда кайрылганда жана кургак учукту эрте аныктаган учурда ийгиликтүү айыгууга жана көнүмүш жашоосуна кайтып келүүгө мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот. Лекциянын аягында студенттер суроо-жооптор аркылуу да көп маалыматтарга ээ болушту.