1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Ата-энелер чогулушу өткөрүлдү

Филология факультетинни маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 1-2-3-4-курстарынын ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка кафедра башчысынын м.а., М.М.Акбуюков жана кафедранын мугалимдери катышышты. Чогулушта 1-курс студенттеринин ата-энелери мугалимдер менен таанышышты. Студенттердин катышуусу, жетишүүсү, коомдук тарбиялык иштердеги ийгиликтери, AVN порталы жөнүндө маалымат беришти. AVN порталындагы электрондук журнал, порталды кантип пайдалануу боюнча кеңири түшүнүк берилди.

Кафедранын окутуучусу жана факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары К.И.Осмонова ата-энелерге ЖАМУнун жана кафедранын тарыхын, этикалык кодекс жана ички эрежелери, модулдук-рейтинг системасы, коомдук маданий иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.  ЛАк-1-22 тайпасынын студенттери  “Тилибиз-биздин дилибиз” аталышында чакан иш-чара өткөрүштү. Иш-чарада тил жөнүндө маалыматтар берилип суроо-жооп болду, студенттер жана ата-энелер активдүү катышышып чакан белектер берилди.