Эне тил – улут сыймыгы

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте “Эне тил – улут сыймыгы ” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чара эне тилдин улуулугун даңазалап, анын ар бир улуттун маданиятындагы жана руханий дүйнөсүндөгү ордун терең көрсөтүүгө арналды.
Иш-чаранын жүрүшүндө 10 улуттун өкүлдөрү сахнага чыгып, өз тилдеринде саламдашуу менен катар, улутун даңазалаган атактуу инсандарын, маданий дөөлөттөрүн, каада-салттары менен майрамдык өзгөчөлүктөрүн тааныштырды. Бул көрүнүш ар бир элдин тили – анын жан дүйнөсүнүн күзгүсү экенин дагы бир ирет тастыктады.
Эне тил – улуттун жүрөгү, анын тарыхы, мурасы жана сыймыгы. Бул иш-чара студенттерге тилдердин кооздугун сезүүгө, маданий ар түрдүүлүктү терең түшүнүүгө жана эне тилдин баалуулугун дагы бир ирет эске салууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.