Кургак учук айыгабы?

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте “Кургак учук айыгабы?” деген темада тарбиялык иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында кургак учук жөнүндө негизги маалыматтар берилди: анын пайда болуу себептери, алдын алуу жолдору жана дарылоо ыкмалары тууралуу кеңири түшүндүрмө жасалды.
Андан соң, студенттер менен суроо-жооп уюштурулуп, теманы талкуулашты. Ошондой эле, тест аркылуу кургак учук боюнча билимин текшерип, ооруга каршы күрөшүүдө ар бир адамдын жоопкерчилиги чоң экендиги баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттер белектер менен сыйланып, кургак учукту алдын алуу үчүн сергек жашоо образын кармануу маанилүү экендиги дагы бир жолу эске салынды.