ОшМУда мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келишти

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 3-курсунун ЛАк-1-22 тайпасынын студенттери Азимова Үмүт, Базарова Светлана, Нурмаматова Арууке, Ташимбетова Жасмина мобилдүүлүк программасынын алкагында 2024-2025-окуу жылынын 10-февралынан 21-февралына чейин Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун “Чыгыш таануу” кафедрасында билим алып келишти. Студенттер айырмачылык менен чыккан дисциплиналарын AVN программасы аркылуу онлайн форматта өтүп жатышты.