Кайрымдуулук - сооптордун казынасы
Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте ноябрь айында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту. Бул иш-чаранын негизги максаты – карыялардын көңүлүн көтөрүп, колдоо көрсөтүү болгон. Студенттер үч командага бөлүнүп, төмөнкү иштерди аткарышты:
Биринчи команда :
Усонова Кундуз (76 жашта), көзү начар көргөн жана ооруп калган энеге барып колдоо көрсөтүп , көңүлүн көтөрүп келишти.
Экинчи команда:
85 жаштагы, өзү жалгыз жашаган эненин үйүнө азык-түлүк алып барып, эненин көңүлүн көтөрүп, чыныгы боорукердикти көрсөтүштү.
Үчүнчү команда:
Алимбекова Калыскан (64 жашта), биринчи топтогу майыптык менен инсульттан жабыркаган энеге барып моралдык жактан колдоо көрсөтүп келишти.
Бул иш-чара студенттердин боорукердиги менен жылуу мамилесинин жаркын үлгүсүн көрсөттү. Мындай кайрымдуулук иштери чыныгы адамдык баалуулуктарды жайылтып, башкаларга да үлгү болот деп үмүттөнөбүз.