1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

91

Окуу-котормо практикасы боюнча рефлексиялык конференция

3-декабрь күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-22 тайпасынын студенттери үчүн окуу-котормо практикасы боюнча "Котормо жана анын түрлөрү жана котормодогу кыйынчылыктар" аттуу темада рефлексивдуу конференция болуп өттү.

Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна жана кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Конференцияда студенттер практика мезгилинде кандай кыйынчылыктар болуп жатат жана кандай котормонун үстүндө иштеп жатышкандары тууралуу баарлашты. Кафедра башчы п.и.к. доцент Ы. К. Жолдошбаева жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна студенттерге котормо жана анын түрлөрү боюнча кеңири түшүнүк берип, окуу-котормо практикасы боюнча кеп-кенештерди беришти.