1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

60

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-21 тайпасынын профилдик практикасы боюнча конференция

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-21 тайпасынын профилдик практикасынын отчетун кабыл алуу жана ЛАк-1-22 тайпасынын окуу-котормо практикасына жөнөтүү конференциясы 2024-жылдын 15-ноябрь күнү болуп өттү. Аталган конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна жана кафедранын профессордук окутуучулар жамааты катышты. Конференцияны кафедранын практика жетекчиси К.И.Осмонова ачып, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковнага сөз берилди. Ал өз сөзүндө студенттердин практика мезгилиндеги кыйынчылыктары жана жол картанын практикага дал келишүүсү боюнча кеп курду. Конференциянын жүрүшүндө ЛАк1-21 тайпасынын студенттери өтөп келген профилдик практикасы боюнча презентацияларды жасап, отчёт беришти, ал эми 3-курстун ЛАк-1-22 тайпасынын студенттери менен окуу-котормо практикасына жөнөтүү боюнча кеп-кеңештер берилди.